Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 62 жаштагы тургуну — почта кызматкери Жумабек Буйлашов 4 жылдан бери цесар канаттуусун багып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Жумабек Буйлашов бул үй канаттуусун көбөйтүүнү максат кылууда.
«Бишкектен 3-4 баш цесар алып келгем. Алып келгениме 4 жыл болду. Алардан 1 корозу, 1 мекияны (тоогу) калган. Бул жактын шартына көнбөй жатып, 2 жыл көбөйгөн жок. Тууп жатты, бирок жумуртка баспай койду. Кийинки жылы гана басты. Учурда 9 баш ургаачы, 1 баш эркеги бар. Бул канаттуу абдан «шустрый» болот экен. Ылдам басып, чуркап жана учат. Азыр бул жерден көрсөң, бир заматта тигил жерде болуп калат. Негизи буларды учпаш үчүн канаттарын кесип коюш керек экен. Бирок кескен жокмун. Ит-куштан аябай сактанып, чочун адамдарды айкырып-кыйкырып жолотпойт. Улар, кыргоол сыяктуу өтө сонун, кооз шаңшыйт. Айыл ичи болгондуктан үйдөн 2-3 квартал алыс оттоп кетишет. Мисалы, үндүк, тоок мындай алыс кетип калса келбейт. Булар кечинде кайра үйдү таап келишет. Эркеги укмуш коргоочу. Алсак, ургаачысы жөжөлөрүн ээрчитип алып, оттоп жүрсө, эркеги кадимкидей дөңсөө жерге туруп алып, айлана-чөйрөнү, асманды карап, ит-куштардын алдын алып турат. Анан кадимкидей эле арпа, буудай, жүгөрү сыяктуу дан өсүмдүктөрү менен азыктанат», - деди ал.
- Цесар — Гвения кушу. Мекени — Батыш жана Борбордук түштүк-Африка. Алар үйүрү менен жашайт. Бат чуркап, керек болсо уча алышат. Ошондуктан чоңдорунун канатында 5-6 см тал бар. Бул үй канаттууларын диеталык эт, жогорку сапаттагы жумуртка алуу үчүн багышат. Короздорунун тирүү кездеги салмагы 1,5-1,6 кг, тооктордуку 1,6-1,7 кг болот.
Маалыматтын жабык бөлүгүндө аталган канаттуунун өзгөчөлүктөрү жазылган.