Turmush — Кадамжай районунда катталган жол кырсыгы боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 22-апрелинде саат 17:50 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 106-чакырымында жол кырсыгы катталган.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жүк ташуучу “FAW CA4250P26K15T1E5A10”үлгүсүндөгү автоунааны башкарган 55 жаштагы айдоочу Майдан айыл аймагындагы Айрыбаз айылынын 5 жаштагы кызын сүзүп кеткен. Натыйжада жабырлануучу алган оор жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Бул факт Кадамжай РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, тиешелүү соттук-медициналык жана автотехникалык экспертизалар дайындалды.
Учурда жүк ташуучу автоунаа айып төлөөчү жайга токтотулуп, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.