Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Чүй облусуЖайыл району 22.12.2019 21:17 На русском

Көгүчкөндөрдүн тарпы кара-балталык тургундарды таң калдырууда. Сүрөт

Turmush -  Кара-Балта шаарынын жергиликтүү тургундары көчөлөрдөн көгүчкөндөрдүн тарпын кезиктирип жатышат. Алардын айтымында, белгисиз жырткыч көгүчкөндөрдүн көкүрөк тушундагы жумшак эти менен жүрөгүн кылдаттык менен сууруп алып кетүүдө. Ал эми калган бөлүгүн жапайы мышыктар жеп жатышат.

Эколог Александр Сидоренко бул тууралуу: «Көгүчкөндөргө карчыгалар (алгыр куштардын бир тукуму) кол салышы мүмкүн. Бул канаттуулар жерге жакын учушат. Олжосун кубалап баратканда узун куйругу, кыска бирок жазысынан келген канаты бадалдардагы бурулуштардан буйтап өтүүгө чоң жардам берет. Карчыгалар сейрек кездешүүчү канаттуулардын бири. Аны сакташыбыз керек. Кыргыздар илгери бул кушту мергенчиликке алып чыгышчу. Алар өзүнүн шамдагайлыгы менен кекилик, көгүчкөн, фазан, коенду тез эле кармашат. Мыкты мергенчилердин кушу 20 жылга чейин жашаган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×