Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Чүй облусуЖайыл району 22.12.2019 12:40

Бишкек-Ош унаа жолундагы кар көчкү тазаланды

Turmush -  Бишкек-Ош унаа жолу тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 21-декабрда саат 21:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 199-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) 2 жерде кар көчкү түштү. Кар көчкүнүн жолго түшкөн көлөмү болжол менен 1000 метр куб болсо, жалпы көлөмү болжол менен 2000 метр кубду түзөт. Анын кесепетинен унаа жол убактылуу жабылган. Жабыркагандар жок.

Жолду тазалоо үчүн №9 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 2 самосвал жана ӨКМдин куткаруучу тобу тартылган.

«21-декабрда саат 22:30да жол толук тазаланып ачылды. Айдоочулар Сосновкадагы пунктка кирип жылынып, тамактанышты», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×