Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Чүй

Суусамырдагы дартка дабаа дары чөптөр (фото)

Turmush -  Жайыл районунун Суусамыр өрөөнү өзүнчө физикалык-географиялык аймак. Өрөөн Кыргыз Ала-Тоосу менен Суусамыр, Жумгал тоолорунун аралыгында, деңиз деңгээлинен 2000-3200 метр бийиктикте жайгашкан. Узундугу 150 чакырымга жакын, туурасы кеңири жеринде 45 чакырым.

Батышы Өтмөктүн Суусамыр суусуна куйган жеринен чыгыштагы Сокулук суусунун чатына чейин кенен жайык келет. Сырткы көрүнүшү үч бурчтук сымал, майда адырлуу, дөңсөлүү түздүк. Топурагы жана өсүмдүктөрү бийик алкактуулук закон ченемдүүлүккө баш ийип тараган. Суусамыр өрөөнү негизинен жайкы жайыт. Чүй, Талас, Кетмен-Төбө өрөөндөрүнөн келген мал жайлайт. Казакстандын Мерке районунун малы да чыгат. Борбордук бөлүгүндө тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Мындан тышкары Суусамырдын аймагында ден соолукка дарылыгы бар табигый чөптөр өсөт. Бул чөптөр тууралуу аймактык кабарчыга Суусамыр өрөөнүнүн тургуну Айзада Калканбекова айтып берди.

Чалкан — көп жылдык өсүмдүк. Анын жалбырагы кан токтотууга, жараатты айыктырууга, витамин жетишпегенде колдонулат.

Уу коргошун — бийик тоолуу жерде өсөт. Дарылыкка анын тамыры колдонулат. Өңү сыя көк болуп, июль, август айларында гүлдөйт. Өпкө оорусу, кызыл жүгүрүк, рак ооруларына колдонулат.

Чекенде — гүлдөгөн жана мөмө байлаган учурдагы жашыл бутактары дарылык касиетке ээ. Анын бутактары кан тамырды тарытуучу касиетке ээ.

Ачуу эрмен — гүлдөгөндө кайнатып, ички органдарга суук тийгенде ичүүгө болот. Кийизди күбөө куртунан да сактайт.

Гүлдүү бозунач — жапайы өсүмдүк. Бул боор, өт ооруларына пайдалуу.

Ит сийгек — чөлдүү жерде өсөт. Мындан жасалган дары жүрөк ооруларынын бардык түрлөрүнө дары.

Жалбыз — бул чөптү терип, кургатып, 2 аш кашыгын 0,5 кг балга аралаштырып, күнүгө 3 жолу бир чай кашыктан 2 ай ичсе жүрөк, бөйрөк, боор, өт ооруларына пайдалуу.

Аркар оту — бул жалпы организмди калыптандырат. Аз кандуулукту, кан басымды жөнгө салат. Нерв жана ичеги ооруларына пайдалуу. Бийик тоодо өсөт.

Каз таман — ичеги карындын сезгенүүлөрүн дарылоодо, ангина болгондо колдонулат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2974
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×