Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Чүй

Чүйдө мас абалдагы киши аялын бычактап өлтүрүп, туугандарыныкында жашынып жүргөн

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районунда бычактан алган жаракатынан улам каза болгон 39 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн билдирүүсүнө караганда, Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 6-февраль күнү саат 00:45 чамасында аймактык ооруканага бычактан жаракат алган аял түшкөндүгү маалымдалган. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу жөнөп кеткен. Жабырлануучу Жайыл районунун айылдарынын биринин 39 жаштагы тургуну Т.Г. экени аныкталып, ал алган жаракатынан улам ооруканада көз жумган.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери окуянын чоо-жайын аныктоо жана шектүүнү кармоо боюнча чараларды көрдү. Анын жүрүшүндө 6-февраль күнү саат 22:00 чамасында каза болгон аялдын жана күйөөсүнүн ортосунда кайым айтышуу болуп, урушка айланганы аныкталды. Болжолдуу маалыматтар боюнча, урушка аялдын мас абалдагы күйөөсү себеп болгон. Ал аны ур-токмокко алып, андан кийин бычак менен кол салган.

Топтолгон материалдар боюнча Жайыл РИИБдин тергөө кызматы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүгүнүн (саламаттыкка атайлап оор залал келтирүү, жабырлануучунун өлүмүнө алып келүү) негизинде кылмыш иш козгоду. РИИБдин кызматкерлери тарабынан оор кылмышка шектелип 45 жаштагы Д.Р. кармалды. Ал туугандарынын үйүндө из жашырып жүргөн. Ошондой эле, шектүү укук коргоо органдарынан качып кетүүгө аракет жасаган.

Учурда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1359
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×