Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Чүй

Айыл турмушу: Суусамырлык Т.Саматов буйрутма менен ат жабдыктарды жасап киреше табат (фото, видео)

Turmush -  Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылынын тургуну Төлөк Саматов териден камчы жана ат жабдыктарын жасайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, камчы жасаганды кичинекей кезинде атасынан үйрөнгөн. Анын чоң аталары күмүштөн зер буюмдарды жасашкан.

«Эчкинин, койдун, торпоктун терилеринен өрүп, ар түрдүү камчыларды жасайм. Аларды айыл ичине сатам. Ошондой эле, жайында чет өлкөлөрдөн келген туристтер камчыларга кызыгып, алып кетишет. Бир камчыны 1000-1500 сомго баалайм. Ал эми, дүң баада 800 сомго сатам. Камчы жасоого керек болгон бардык материалды өзүм сатып алам. Мындан тышкары, буйрутма менен тердик, жүгөн, куюшкан жасайм», - деди ал.

Т.Саматов жубайы экөө 2 кыз жана 4 уулдун ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1782
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×