Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 31.01.2018 14:41

Суусамырдын Тунук айылын суу каптады (фото)

Turmush -  Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын Тунук айылындагы үйлөрдү суу каптоо коркунучу жаралды. Бул тууралуу айыл өкмөт Урмат Отунчиев билдирди.

«Айылдагы бир үйдү суу каптап, дагы 5 үйдү суу каптоо коркунучунда турат. Айыл өкмөт тарабынан балдарды жиберип, сууну бурганга аракет кылдык. Бирок биздин күчүбүз жетпей ӨКМден жардам сурадык», - деди ал.

Ал эми, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Бактияров суунун нугун буруу боюнча чара көрүлүп жатканын билдирди.

«Кечээ түнү менен жолго чыгып, Суусамырга бүгүн саат 09:00дө келдик. Саат 10:00дөн баштап айылды каптап жаткан суунун нугун буруу боюнча чара көрүп жатабыз», - деди ал.

Буга чейин ӨКМ Тунук айылындагы Шорго-Булак суусу тоңуп, муз катмары пайда болгонун билдирген. Андагы суу жээктен ашып, 6 турак үйдүн короосун каптаган болчу. Учурда анын кесепеттери жоюлуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×