Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Чүй

Чүйдүн аймагында суу каптаган үйлөр тазаланды (фото)

Turmush -  Акыркы сутка ичинде Чүй облусунун аймагында суу каптаган турак үйлөрдү тазалоо иштери улантылды. ӨКМ бүгүн, 31-январда билдирген маалымат боюнча, суу каптоодо адамдар жабыркаган эмес.

Жайыл районундагы Суусамыр айыл аймагынын Тунук айылында Шорго-Булак суусу тоңуп, муз катмары пайда болгон. Андагы суу жээктен ашып, 6 турак үйдүн короосун каптаган болчу. Учурда анын кесепеттери жоюлду.

Ошондой эле, Аламүдүн районундагы Көк-Жар айыл аймагынын Көк-Жар айылындагы арыкта муз тоңуп, андан ашкан суу 1 турак үйдүн короосун каптаган. Куткаруучулар саат 13:40 чамасында барып, үй ээси менен биргеликте музду тазалап, суунун нугун бурушту.

Саат 15:50 чамасында куткаруучулар Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагындагы Дачное айылында каналдын оң жээгинен суу ашып, 2 турак үйдүн короосун каптаган жерге барышты. Бул жердеги тазалоо иштери дагы жергиликтүү тургундар менен биргеликте жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 434
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×