Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 31.01.2018 09:24

Чүйдө үйлөрдү каптаган суунун нугу бурулду

Turmush -  Кечээ, 30-январда Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын Тунук айылында Шорго-Булак суусу тоңуп, жээктен ашып, 6 үйдүн короо-жайын каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Куткаруучулар менен жергиликтүү тургундар суу каптоого себеп болгон муздарды тазалап чыгышкан.

Аламүдүн районундагы куткаруучулар Көк-Жар айылында бир үйдүн короосун каптап кеткен сууну токтотуп, музду тазалашты.

Ысык-Ата районундагы куткаруучулар Дачное айылында каналдан ашып, 2 үйдү каптаган сууну токтотуп, музду тазалоо иштерин аткарышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×