Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Чүй

Түнкү суук -45 градуска жеткен Суусамырдагы үйлөрдү суу каптады

Turmush -  Суусамыр айыл аймагындагы Тунук айылында Шорго-Булак суусу тоңуп, муз катмары пайда болду. Кечээ, 29-январда суу жээктен ашып, 6 турак үйдүн короосун каптаган.

ӨКМдин Жайыл райондук бөлүмүнүн башчысы жана Кара-Балта шаардык №22 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 3 куткаруучу кырсыктын алдын алуу жумуштарын аткарышты. ӨКМ бүгүн, 30-январда тиешелүү иш-чаралар улантылып жатканын билдирди. Адамдар жаракат алган жок.

Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, Суусамыр өрөөнүндө бүгүн, 30-январга караган түнү -40...-45 градус суук болсо, күндүз -16...-21 градус болот.

Сүрөттөр 27-январда тартылган:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 767
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×