Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 29.01.2018 09:26 Жаңыланды: 29.01.2018 10:20

Суусамырдагы суук түнкүсүн -45 градуска жетсе, күндүз -33 градус болот, - 29-январга карата аба ырайы

Turmush -  Бүгүн, 29-январда өлкө аймагында абанын төмөнкү температурасы сакталат, деп маалымдайт ӨКМ.

Абанын температурасы күндүз:

- Чүй, Талас өрөөндөрүндө -11…-16° суук;

- Чүй облусунун түндүгүндө -14…-19° суук;

- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -2…-7° суук;

- Ысык-Көл ойдуңунда күндүз -4…-9° суук;

- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо -17…-22°;

- бийик тоолуу райондордо -24…-29° суук;

- Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -40…-45° градуска жетсе, күндүз -28…-33° суук болушу күтүлөт.

Ал эми, Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча Бишкек шаарында бүгүн, 29-январда абанын күндүзгү температурасы -13...-15 градус болсо, эртең, 30-январда түнкүсүн -21...-23 градус, күндүз -8...-10 градус болот.

Ош шаарында бүгүн, 29-январда абанын күндүзгү температурасы -10...-12 градус болсо, эртең, 30-январда түнкүсүн -8...-10 градус, күндүз -1...+1 градус болот.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×