Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 25.01.2018 12:30

Айыл турмушу: Дене тарбиячы Асылбек мырзанын окуучулары 5 жыл катары менен 1-орунду ээледи (фото)

Turmush -  Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүнө караштуу Кызыл-Ой айылындагы Түркмөн орто мектебинин 10-11-класстарынан куралган команда волейбол боюнча райондук мелдеште 5 жыл катары менен 1-орунду алып келет. Учурда команда апрелдин орто ченинде өтө турган Жайыл районунун биринчилигине даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга дене тарбия сабагынын мугалими Асылбек Сүйүнаалы уулу билдирди.

«Биз волейбол боюнча окуучулар арасында өткөн райондук мелдеште 5 жыл катары менен жеңүүчү аталып келе жатабыз. Кайсы гана аймакка барбайлы, менин балдарым жеңүүчү болуп келишет. Облустук мелдеште биз Жайыл районунун атынан ойноп, 2-орунду алып, күмүш медаль менен сыйланганбыз. Жол кире, формаларды айыл өкмөт каржылап берген. Ал эми 2017-жылы райондон алтын медаль алганбыз», - деди ал.

Мугалим спорт залдын сууктугунан балдар спорттон алыс болуп жатышкандыгын белгиледи.

«Биздин спорт залыбыз өтө эле суук болуп, балдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатат. Бул жерден суук тийип, ооруган балдар да болгон. Жылуулуктун жоктугуна байланыштуу балдар спорттон алыс болуп жатышат. Залыбыз оңдолуп, тиешелүү шарттар түзүлсө бизден жакшы спортчулар чыкмак.

Баскетбол ойноого дагы атайын шакекчелер жок. Футбол аянтчабыз дагы стандартка туура келбегендиктен чоң мелдештерди өткөрө албайбыз. Бир гана волейбол ойноого мүмкүнчүлүгүбүз бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×