Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Чүй

Айыл турмушу: Кол өнөрчү А.Токонованын кийизден жасалган буюмдарын туристтер баалап алышат (фото)

Turmush -  Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүнө караштуу Кызыл-Ой айылынын 60 жаштагы тургуну Айжамал Токонова кийизден ар түрдүү кооз буюмдарды жана капчыктарды, сумкаларды жасап, сайма саят. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, кийизден жасалган буюмдарын чет өлкөдөн келген туристтер баалап алышат.

«Мен жаш кезимден тартып эле кол өнөрчүлүк менен алектенем. 30 жашымдан баштап кол өнөрчүлүккө толук киришип, кийизден ар түрдүү жаныбарларды, термеден терип көз айнек салгыч, сумка, капчык, уюлдук телефон салгыч жана башка буюмдарды жасап, а түгүл төшөк курап, сайма дагы саям. Керектүү буюмдардын баарын базардан сатып алам. Чыгымдарды менин жасаган эмгегим бир топ актайт. 3 кг жипти 300 сомго сатып алып, 5 сумка токуйм. Ар бир сумканы 1000 сомго баалайм. Ал эми кийизден текелерди жасап, 200 сомдон сатсам, бугуларды 500 сомдон сатам. Төшөктөрдү 350 сомго курап берем.

Менин жолдошум 2006-жылы жол кырсыгынан көз жумган. Төрт уулум, бир кызым, он беш неберем бар», - деди кол өнөрчү.

А.Токонова кээде ыр жазып, кагаз бетин чиймелеп да калат. Анын сиңдиси Назира Токонова учурда эстрада ырчысы.

8-март

Куттуу болсун 8-мартыбыз,
Кубанабыз отургандар жалпыбыз.
Ал муздактан эркин койгон кыздарын,
Касиеттүү улуу кыргыз калкыбыз.

Короз жылы

Мен корозмун караңгыда тумчуккан,
Түн караңгы, ошондуктан тынч уктайм.
Таң ык салса, чоочугандай кыйкырып,
Ойготкун деп балдарыңды уйкудан.

Ит жылы

Күчүкмүн мен, борс-борс үрөм эрте кеч,
Жаңы жылга келеримди өзүң чеч.
Өзүм келип, дос болом дейм адамга,
Ал достукту Алла адамга берсе анан да.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2055
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×