Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Чүй

Карышкыр сезону: Суусамырдын эки тургуну киши боюндай болгон эки карышкыр атышты (фото, видео)

Turmush -  Жайыл районунун Суусамыр айылынын 30 жаштагы тургуну Тагылыков Асхат жана шериги Кыдыралиев Кынат киши боюндай болгон эки карышкырды атып өлтүрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тургундардын айтымында, эки карышкыр мал-жандыктарга зыян келтирип жаткан.

«Бир жылкыны Бөйрөк жайлоосунан бир күн мурун жеп кеткен экен. Биз эртеси угуп, Бөйрөк жайлоосуна барып, эки карышкыр атып алдык. Мен буга чейин да кээде карышкырга аңчылык кылып калам. Акыркы 2 жылда көбүрөөк кызыга баштадым», - дейт А.Тагылыков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3261
Көп окулду
×