Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Чүй

Айыл турмушу: Ыктыярчы М.Блументал бош убактысын Суусамырдын тоолорунда өткөрөт (фото)

Turmush -  22 жаштагы ыктыярчы Мэттью Блументал Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн Кызыл-Ой айылындагы Түркмөн атындагы орто мектебинде англис тилинен сабак берип иштеп жатат. Ал өткөн жылдын 14-августунда Америкадан келген. Ыктыярчы менен аймактык кабарчы таанышты.

Мэттью Блументалдын айтымында, алгач Америкадан келгенде 10 жума Сокулук районунда эмгектенип, андан соң Кызыл-Ой айлындагы Түркмөн орто мектебине которулган. Ал ыктыярчылыкка киришип жатып, Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда ант берген.

«Эки жылга келишим түзүлдү. Эки жыл бою ушул Кызыл-Ой айылында болом. Азыр 3-класстан баштап 11-класстарга чейин англис тилин акысыз окутуп жатам. Жалпы 140 окуучу бар. Окуучулар мага абдан жакты. Сабакка жакшы көңүл буруп, кызыгуу менен окуп жатышат. Жашаган жеримди, тамак-ашымды Тынчтык корпусу каржылайт. Өзүмдүн кесибим социолог-политолог. Американын Калифорния штатынан болом.

Тынчтык корпусу — Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык кызмат көрсөткөн уюмдарынын бири. Кыргызстанда Тынчтык корпусунун 900дөн ашуун өкүлдөрү иштеп кетишкен. Биз ыктыярчылар эл менен иштешебиз. Азыр Таласта 13, Чүйдө 12, Ысык-Көлдө 19, Жалал-Абадда 9, Ошто 8, Нарында 10 америкалык ыктыярчылар эмгектенип жатышат. Кыргызстанга жалпы 71 ыктыярчы келсе, анын 45и мектептерге, калганы кесиптик жана жогорку окуу жайларга бөлүнгөн. Жумасына 18 саат сабак өтөм. Андан тышкары 4 саат ийримде сабагым бар», - деди ал.

Мэттью Блументалдын апасы Жейми Блументал музыкант, ал эми атасы Гари Блументал учурда ардактуу эс алууда. Эжеси Рейна Блументал студент.

«Мага мектеп окуучулары жана Кызыл-Ой айылы абдан жакты. Өзү кичинекей айыл болсо да, элдери кең пейил, меймандос келишет экен. Абдан кооз айыл болгондуктан бош убактымда тоолорго чыгып, эс алып жатам. Жайында турист тоскон жайлардын кызматкерлерин акысыз англис тилин окутам», - деди ал.

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн Кызыл-Ой айылына ыктыярчы Түркмөн атындагы орто мектебине гана келгендигин мугалим Сабира Каримова билдирди.

«Биз команда болуп, ыктыярчы менен бирге иш алып барабыз. Ыктыярчы окуучулардын англис тилин эркин сүйлөөгө түрткү берип жатат. Ата-энелер дагы абдан кызыгып жатышат. Буюрса окуучуларыбыз эркин сүйлөп калат деген ишенимдемин», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2072
Көп окулду
×