Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Чүй

Суусамырда «Парламент сүйлөйт» радиовикторинанын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө «Парламент сүйлөйт» радиовикторинанын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү үналгы кызматынын мүдүрү Айзада Калканбекова аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, аталган радиовикторина мектептердеги парламенттин ишин жакшыртуу максатында уюштурулган.

«Радиовикторинанын негизги максаты — окуучулардын өз оюн ачык айтуу жана талдоо мүмкүнчүлүгүн арттыруу. Быйыл долбоордун алкагында жыл мыктыларын аныктоо экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Былтыр жеңүүчүлөргө Жогорку Кеңешке жолдомо, ал эми катышуучуларга планшеттер берилген.

Ай сайын 5 мектептин министрлеринин арасында билим тууралуу таймаш уюштурулуп, бирден жеңүүчүлөр аныкталып турат. Эми дагы январь, февраль, март айларында 3 таймаш болот. Жакында эле Суусамырда билимдүүлөрдүн таймашы болуп өттү. Анда «Эң мыкты илим министри» наамын Сапарбек Мырзакматов атындагы мектептин окуучусу Амантаева Каныкей жеңип алды», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2328
Көп окулду
×