Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Чүй

Жаш талант: 12 жаштагы А.Кубанычбекова комуз чертип, сынактарга катышат (фото)

Turmush -  Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылынын 12 жаштагы тургуну Айжамал Кубанычбекова бир жылдан бери комуз чертип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 2005-жылы мамлекеттик кызматкерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. 2010-жылы мектеп босогосун аттап, азыр Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде билим алып жатам. Мектепте үлгүлүү окуучумун. Предметтик сабактар боюнча олимпиадаларга катышып, көп сыйлыктарга ээ болдум.

Комузга болгон кызуугум 11 жашымдан тартып эле башталган. Азыр 4 күү чертем. 2016-жылы «Апакем менин бактым» аттуу кечеге катышып, байгелүү орунду багындыргам», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2291
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×