Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 04.12.2017 11:28

Жайыл РИИБдин кызматкери өз өмүрүн кыюуга аркет кылды, - ИИМ

Turmush -  Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматкери өз жанын кыюуга аракет кылды.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кечээ, 3-декабрда саат 20:00дөр чамасында Кара-Балта шаарында Ковровщиков көчөсүндө 1990-жылы туулган Э.Н. — Патрулдук милициянын кызматкери ашкана бычагы менен өзүн сайган. Аталган маалыматты анын аялы тастыктады.

«Окуя болгон жерде патрулчу өзүнө сайган бычак табылды. Ошондой эле, кийим, палас жана башка далил буюмдар алынды. Аялынын көрсөтмөсүнө караганда, буга чейин күйөөсү өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бул боюнча соттук-биологиялык жана соттук-медициналык экспертиза дайындалды», - деп айтылат маалыматта.

Э.Н. ички иштер органдарында 2011-жылдан бери иштейт. Ал үй-бүлөлүү жана 2 баласы бар.

ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери аталган факты боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүп жатат. Милиция кызматкери тирүү калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×