Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 06.11.2017 20:50

Жайылдын Ак-Башат айылында 14 млн сомго курулган спорт комплекс ачылды (фото)

Turmush -  Жайыл районунун Ак-Башат айылында спорт комплексттин салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылыш аземге аким Турусбек Ногоев, ЖК депутаты Бакирдин Субанбеков, Дене тарбия жана спорт агенттигинин өкүлдөрү, айыл аймактын башчысы Канатбек Үмөталиев, жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чарага карата айылда 4 боз үй тигилип, дасторкондор тигилген. Муниципалдык спорт залда спорттун волейбол, баскетбол, аэробика, бокс, эркин күрөш жана башка түрлөрү боюнча машыгуу жүргүзсө болот.

Акимдин айтымында, Жайыл районунда биринчи жолу социалдык объекттин курулушу айыл өкмөттүн бюджетинин эсебинен курулуп жатат. Анын курулушуна жалпы 14 млн сом жумшалган.

К.Үмөтадлиевдин айтымында, каражат өткөн жылдан бери этап менен бөлүнгөн. Курулуш мартта башталып, октябрь айында бүткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×