Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Чүй

Суусамырдагы кырсык: Дарыгерлер акча алды деген Айганыштын жакындарына министрлик жооп узатты

Turmush -  Саламаттыкты сактоо министрлиги жол-транспорт кырсыгынан жаракат алган Бекболот кызы Айганышка Кара-Балта шаарындагы оорукананын дарыгерлери жардам көрсөтпөй койгондугу тууралуу маалыматка билдирүү жасады.

Жайыл аймактык оорукананын жетекчиси Болот Майканаевдин айтымында, жабырлануучу — 1997-жылы туулган А.Болотбек кызы 2-октябрь күнү оор абалда ооруканага жеткирилген.

«Ал сүйлөй алган эмес. Жандандыруу бөлүмүнүн дарыгерлери А.С.Гасанов жана А.Л.Динбоз текшерүү жүргүзүп, жабырлануучуга баш сөөгүнөн жаракат, травмалык шок алган, сол жаагы 10 сантиметрге чейин жана сол ирмөөчү 2 сантиметрге чейин айрылган, ичтин жабык жабыркоосу, белдин алдыңкы бөлүгү жана жамбаш сөөктөрү жабыркаган деген болжолдуу диагноз коюшкан. Ага саат 04:08де ооруну сездирбөө үчүн промедол (2% - 1,0 мл ички булчуңга) сайылган. Жабырлануучудан кан алынып, (жалпы канды талдоо, кандын биохимиялык анализи) ал экспресс-лабораторияга жөнөтүлгөн. Ошону менен бирге жараатты текшерүү жана алгачкы хирургиялык тазалоо үчүн нөөмөттөгү травматолог Ж.К.Абирчороев, ал эми ич көңдөйүндөгү органдарды текшерүү үчүн дарыгер Т.А.Молдокулов чакырылган. Дарыгер травматолог чакырылганда 15 мүнөттөн кийин жараат алгачкы хирургиялык тазалоодон өткөрүлдү. Саат 04:30да жабырлануучунун ич көңдөйүндөгү органдары текшерилди. Саат 05:00дө ички көк кан тамырга 1,0 гр цефтриаксон куюлду», - деп айтылат дарыгердин маалыматында.

Ошондой эле, дарыгерлер бейтап ооруканага жеткирилгенден бери күчөтүлгөн көзөмөлгө алынып, шок абалга жана шишикке каршы дарылоо жүргүзүлгөндүгүн белгилешти. Ал эми, саат 08:30да бейтаптын ич көңдөйүндөгү органдары кайра текшерүүдөн өткөрүлгөн.

Оорукананын маалыматына ылайык, 2-октябрь күнү Бишкек шаарынан дарыгерлер — нейрохирург К.Нурдинов жана реаниматолог Б.Р.Султанов чакырылган. Алар бейтапты текшерип, оор даражадагы баш сөөктүн жаракаты, омуртканын моюн бөлүгүнүн чыгышы, беттин тигилген жарааты деген диагноз коюшкан. Ошол эле күнү бейтаптын баш сөөгү компьютердик томографиядан өткөрүлүп, мурун сөөктөрүнүн, оң бетинин сөөгүнүн сынуусу жана тери астындагы кан шишик деген тыянакка келишкен. Ошондой эле, омуртканын моюн бөлүгү компьютердик томографиядан өткөрүлгөн. Бейтаптын абалы оор бойдон калып, бирок ал бир аз активдүү боло баштаган. Жабырлануучу сөздөрдөн таасирленгени менен сүйлөй алган эмес. Ал 3-октябрь күнү саат 15:20да нейрохирург И.Дыйканалиевдин макулдугу менен Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталга которулган.

Болот Майканаевдин билдиргенине караганда, Жайыл райондук ооруканасынын бардык бөлүмүнө кайрылган оор абалдагы бейтаптарга ыкчам медициналык жардам, алардын абалы жана дем алуусу жакшырганга чейин акысыз көрсөтүлөт.

«Бейтап анестезиология жана жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганда жакындары жанында болгон эмес. Анын туугандарынын Жайыл райондук ооруканасынын дарыгерине акча берилгенден кийин гана жабырлануучуга жардам көрсөтүлдү деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Бейтап дарыгерлердин кеңешүүсүнөн кийин Улуттук госпиталга которулду. Учурда анын абалы канааттандырарлык деп бааланып, дарылануусун улантууда. Бейтапты 20-октябрь күнү үйүнө чыгаруу пландалууда», - деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

Бишкек — Ош унаа жолундагы жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган 20 жаштагы Бекболот кызы Айганыштын абалы оор. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Айганыштын сиңдиси билдирген.

Анын айтымында, ушул жылдын 1-октябрында Бишкек шаарынан Жалал-Абадга бара жаткан «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа токтоп турган жүк ташуучу унааны сүзгөн. Анын кесепетинен жеңил унаанын ичиндеги 6 кишинин бирөөсү каза болуп, калгандары оор жаракат алышкан.

5083039a601034d1199cbcdcf6a4106a_0_500_0

«Эжем ушул жылдын май айында Түркияга өндүрүштүк практикага кеткен. 1-октябрь күнү Түркиядан Бишкекке учуп келип, болжол менен саат 19:00 чамасында Жалал-Абадга жолго чыккан. Ал түшкөн унаа саат 23:00 чамасында Суусамыр өрөөнүндө катуу кырсыкка учураган. Эжемдин сумкасындагы документтери жана акчалары жоголуп, бир жумадан кийин табылды. Ал эки жума ооруканын жандандыруу бөлүмүндө жатты. Азыр жөнөкөй бөлмөгө которулуп, абалы мурдагыдан жакшы. Бирок көп сүйлөбөйт. Дарыгерлер авто кырсык учурунда айрылып кеткен бетинин жаак бөлүгүн тигишкен. Башында бир аз шишик бар дешти.

Жол кырсыгы болгон күнү эжемди Кара-Балта шаарына калтырып, калган жабырлануучуларды Бишкекке алып кетишиптир. Эжемдин документи, акчасы жок болгондуктан дарыгерлер жакшы карашкан эмес. Апам Жалал-Абаддан келип, акча бергенде карап башташыптыр», - деди ал.

Аталган жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен Жалал-Абад облусунун 32 жаштагы тургуну Самара Темирбердиева каза болду. Ал эки баланын апасы болгон.

«Самара менин жеңем болот. Агам экөөнүн эки баласы бар. Экөө иштейбиз деп август айында Бишкекке кетишкен. Бир айдан кийин 7 жаштагы баласынын окуусу башталып, аны Жалал-Абадга таштап, 5 жаштагы баласын Бишкекке алып кеткен. Андан бир жума өтпөй улуу баласы "сагындым апа, келе бериңизчи" деп ыйлаган экен. Ошентип, жеңем кичүү уулун алып, жолго чыгат. Автобекеттен бир тааныш таксист айдоочуга жолугуп, жеңем андан "бүгүн кетесизби?" деп сураса, айдоочу "жок, бүгүн эле Жала-Абаддан келдим" деп жооп берген экен. Бирок кардар чыгып калып, жеңем ошол айдоочунун унаасына түшүптүр. Суусамыр өрөөнүнө жеткенде айдоочу уктап кетип, 120 чакырым ылдамдык менен токтоп турган жүк ташуучу унааны сүзүптүр. Жеңемдин баласы оор жаракат алып, өзү окуя болгон жерден каза болгон. Баласынын бети шишип, жаагы сынып, бутунан баспай калган. Азыр анын абалы жакшы, басып калганына 4 күн болду. Буга чейин баспай буту калтырап жаткан», - деди ал.

Буга чейин Turmush басылмасына жол-транспорт кырсык 2-октябрь күнү болжол менен саат 00:30 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 195-чакырымында катталганы маалымдалган.

Такталган маалыматтар боюнча, Суусамыр өрөөнүндө «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа менен «Хонда Минивэн» кагышкан. Эки унаа тең Бишкек шаарын көздөй кетип бара жаткан. Жүк ташуучу унаа жолдун четине токтогон мезгилде жеңил унаа аны сүзүп токтогон.

50a85d68d20d86ce6362d10d54436c90

«Хонда» үлгүсүндөгү унаанын Жалал-Абад облусунун 1993-жылы туулган айдоочусу А.Нурсултан рулду башкара албай жолдун четинде токтоп турган «Мерседес-Бенц» (айдоочусу А. уулу Тынарбек) унаасына кирип кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен «Хонданын» жүргүнчүлөрү: Бишкек шаарынын 1959-жылы туулган тургуну Ж.Тажигүл, 1971-жылы туулган Ж.Эрмек жана Ноокен районунун тургуну С.Байнур жаракат алган. Ошондой эле, жол кырсыгы катталган жерде алган жаракатынан улам «Хонда» үлгүсүндөгү унаанын 1985-жылы туулган жүргүнчүсү Т.Самара каза болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4280
Көп окулду
×