Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Чүй

Жайылда 100 жаштагы карыяларга азык-түлүк таратылды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районунун жетекчилиги 100 жаштагы карыяларды куттуктады, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, райондо 100 жаштагы 5 аял киши бар. Аларга жетекчилик тарабынан каражат бөлүнүп, азык-түлүктөр социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тапшырылды.

Аталган кызматтын жетекчиси Асылбек Баймонкоевдин айтымында, карыларга зарыл болгон азык-түлүктөр берилди.

«Кара-Балта шаарында 100 жаштагы 3 апа бар. Ал эми калган экөө Молтовар жана Суусамыр айылдарында жашайт. Былтыркы жылы 100 жаштагы 3 апа болсо, быйыл алардын катарына дагы эки апа кошулду. Алардын бири - Анастасия Москаленко. Өткөн жылы март айында 100 жашта болчу. Ал эми, быйыл ал 101 жашка толду. Ар бир адам эле кылым жашай бербейт. Ошондуктан, биз райондогу көп жашаган кары адамдарды куттуктадык. Чүй облусу боюнча эң улгайган адамдар биздин райондо жашайт. Карыларга ден соолук жана узак өмүр каалайбыз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1390
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×